• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мирлан Жээнчороев, депутат: «Текебаевдин иши кайра каралса, сот системасындагы реформа ишке киришет»

21 Бугу 2018 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.05.2018. Govori.TV

«Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралса, демек, сот реформасы ишке кирет». Бул тууралуу ЖКнын депутаты Мирлан Жээнчороев айтты.

Анын белгилешинче, бүгүн саясий негизде козголгон кылмыш иштерин кайра карап, сот системасындагы туура эмес кароолор менен чечимдерди талдап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Мына, Текебаевдин ишиндеги соттор көз жумган жаңы жагдайлар ачыкталып, анын күнөөсүздүгү тууралуу далилдер пайда болду. Ошондуктан, эгер бул иш кайра каралса, демек, саясий буюртмалуу иштердин баарын кайра кароого жол ачылат. Тергөөдөгү жана соттогу туура эмес, мыйзамды бузгандар жооптуу болот»,-дейт ал.

Количество просмотров: 14