• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирзиёев убакытты үнөмдүү колдонууну сунуштоодо

10 Кулжа 2019 11:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Президент убакытты алган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүүлөрдү кыскартуу талабын койду.

Мындан ары Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбеши керек. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Мирзиёев кызматкерлер дем алыш күнүн үй-бүлөсүнө арнашы керек деп эсептейт. Андыктан узакка созулган жыйындарды, зарылдыгы жок отчет берүү жана маалымат алуулардын санын кыскартуу талабы коюлду.

«Кызматкерлер бардык милдеттерин иш күндөрү аткарып бүтүүгө жетишиши керек. Ал эми дем алыш күндөр үй-бүлө, бала-чакага арналуусу зарыл», — деп айтты президент.

Үй-бүлө демекчи, өткөн аптада Мирзиёевдин кызы Саида өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына атасы казандын жанында турган сүрөтүн жайгаштырган. Ал сүрөттүн алдына атасы үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басарын жазган.

Количество просмотров: 33