• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мирзиёев менен Путин биргелешкен форум өткөрүү маселесин талкуулашты

10 Баш оона 2023 15:32 Бишкек Govori.TV

Президент Шавкат Мирзиёев 9-августта Владимир Путин менен телефондо сүйлөшүп, Өзбекстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, диалогдун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана гуманитардык тажырыйба алмашууну активдүү улантууга өзгөчө көңүл бурулду.

«Эки өлкөнүн лидерлери алдыдагы иш-чаралардын графигин карап чыгып, жакын арада өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын, өзбек-орус аймактар аралык, билим берүү жана медиа форумдарды өткөрүү зарылдыгын белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 1-июнуна карата Өзбекстанда чет элдик капиталдын катышуусундагы ишканалардын жана уюмдардын саны 12 807ни түзгөн. Алардын 2884ү Орусиянын, 1823ү Кытайдын, 1771и Түркиянын, 957си Казакстандын капиталы менен ачылган.

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү январь-май айларында 25,8 миллиард долларга жетти. Анын 4,5 миллиарды Кытай, 3,8 миллиарды Орусияга туура келет . Үчүнчү орунда 1,9 миллиард доллар үлүшү менен Казакстан турат.

Количество просмотров: 99