Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 5-7-октябрда Москвага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москвада эки мамлекеттин лидерлеринин сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө. Өзбекстандын башчысы Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен да жолугат.
Алдыдагы жолугушуулардын күн тартибинде эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары тереңдетүү маселелери бар. Ириде соода-экономикалык, инвестициялык, миграциялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Өзбекстан президенти андан ары Татарстанга сапар алып, анда республиканын башчысы Рустам Минниханов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Өзбек президентинин Орусияга акыркы сапары быйыл 8-майда болгон. Мирзиёев анда Москвадагы Жеңиш майрамына катышкан.