• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барат

16 Чын куран 2024 17:45 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 18-19-апрель күндөрү расмий сапары менен Душанбеге барат. Бул тууралуу «Азия-Плюс» агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) жана Өзбекстандын Душанбедеги элчилигине шилтеме кылып кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда, Мирзиёев сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, Өзбекстандын Тажикстандагы Маданият күндөрүнө катышат.

Айрым маалыматтар боюнча, Душанбе шаарында Мирзиёевдин катышуусу менен Өзбекстан элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болот.

«Озоди» радиосу быйыл январда эле тажик өкмөтүнүн 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн түзүлгөн иш планына таянып, апрелде Шавкат Мирзиёев Душанбеге бара турганын кабарлаган.

Мирзиёев Душанбеде акыркы жолу 2023-жылы сентябрда болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине катышкан.

Количество просмотров: 59