• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мирзиёев түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштады

11 Жетинин айы 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтырдан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди.

Ал учурдагы дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады. Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонбогонун, бажы төлөмдөрү жогору экенин белгилеп, эркин соода жүргүзүү аймагын түзүүнү сунуштады. Транспорттук байланышты күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Өзбек президенти коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин, дүйнөнүн ар кыл бурчундагы жаңжалдар түрк дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады. Бул шартта коопсуздук органдары терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барышы керектигин сунуштады.

Буга чейин айтылгандай саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат.

Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун баш катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулаган.

Количество просмотров: 276