• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

13 Үчтүн айы 2023 11:43 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.

«Тараптар ошондой эле Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу боюнча сааттарды тууралашты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 96