• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Митинг учурунда 166 адам кармалып, төртөө камакка алынды

3 Жалган куран 202010:04 Бишкек Govori.TV

2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң койо берилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка
алынды.

Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 220