• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көл районунун акими камакка алынды

18 Баш оона 202515:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-августтагы чечими менен Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 18-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Жапарбек Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 1153