• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Митингде укук коргоочу Абдрасулова кармалды

15 Жетинин айы 202213:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн жанында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы акцияга 15ке жакын адам чогулган. Бирок, милиция кызматкерлери чогулгандарды Максим Горький атындагы бакка барууну суранышты. Тартип сакчылары муну Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган соттун токтому бар экени менен түшүндүрүштү. Чогулгандар Горький багына кетишти.

Ал эми аянтка келген укук коргоочу Азиза Абдрасулованы милиция кармап кетти. Аны коё берүүнү талап кылган Сапар Аргымбаев да алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдрасулова, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев жана башка 4-5 адам болуп тургандарды Ак үйдүн алдынан кетүүсүн айтышкан.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова митинг уюштурбастан жөн эле турганын айткан. Ал эми тартип сакчалары укук коргоочунун кармалуусун тартипке баш ийбөө деп баалашкан. Ошондой эле, милиция Азиза Абдирасулова ичимдик ичип алганын айтышып, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти.

Количество просмотров: 1289