• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Митингде жабыркаган жарандардын бири көз жумду

6 Тогуздун айы 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Митингдеги жабыркаган жарандардын бири көз жумган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 6-октябрдагы саат 8.00гө карата саламаттык сактоо мекемелерине 590 киши кайрылган, анын 439у алгачкы жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылса, 13 бейтап реанимацияда.

«Бишкек травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 69 киши жатат, анын бешөө реанимацияда. Улуттук госпиталга 164 киши кайрылып, анын 58и жаткырылды. Алты бейтап жандандыруу бөлүмүнө түшсө, бир эркек киши каза болду. №1 шаардык ооруканага 30 киши кайрылып, жетөө жаткырылган, бирөө реаимацияда. Чүй облустук ооруканада ушу тапта үч адам бар, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Улуттук хирургия борборунда 13 киши дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.

Количество просмотров: 137