• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Молдокматов: Президенттин айкөлдүгү экстерди чайга чакыруу эмес, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу

22 Бирдин айы 2023 9:54 Бишкек Govori.TV

Президенттин айкөлдүгү экстерди чайга чакыруу эмес, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу. Бул тууралуу абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирген.

Анын кайрылуусу Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Бүгүн түрмөдө өз оюн айткандыгы үчүн энелер, кыз-келиндер, саясатчылар жана активисттер мыйзамсыз отурушат. Элдин ынтымагы, өлкөнүн өнүгүүсү Конституциянын жана мыйзамдардын кынтыксыз иштешинде, соттордун адилеттүүлүгүндө! Кемпир – Абад иши боюнча төрт ай ичинде абактагыларды үч жолу тергөөгө чакырышты. Анын экөөсүндө соттук – лингвистикалык экспертизаны дайындоо жөнүндө Токтом менен, кийин экспертизанын жыйынтыгы менен тааныштыруу иши жүрдү. Мамлекеттик соттук-лингвистикалык экспертиза массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга эч кандай чакырык жок деген кортунду чыгарган. Бирок тергөөчүлөр буга макул болбой, кайрадан комиссиялык экспертиза дайындап, өздөрүнө ылайыктуу кортунду алууга аракет кылып жатат. Кемпир – Абад ишинен эч нерсе табылбай, тергөө фейсбуктагы эки жылдык посттордон кылмыш издеп, жакында козголоору күтүлүүдө. Алгач К.Сооронкуловага бир жыл мурун активист Мирлан Ураимовду абактан бошотуу тууралуу башка бир адамдын фейсбуктагы постун бөлүшкөндүгү үчүн КР КЖК 327-беренеси менен иш козгошту. Бүгүнкү күнгө карата №547 Кемпир – Абад ишине 10 кылмыш ишин бириктиришти. Анын ичинен: 4 иш А. Бейшенбекке, 3 иш И. Шаменовго, 1 иш К. Сооронкуловага, 1 иш А. Бекназаровго, 1 иш жалпы Кемпир – Абадга тийиштүү. А. Мадумаров жана И. Масалиевдер ишке кайра кошулду. Кемпир – Абад ишин жашыруун кылуунун себеби – тергөөнүн мыйзамсыз иштерин элден жашырып, камап, тынчытуу. Жакында сотторду онлайн өткөрүү пландалып жатканы айтылууда. Албетте, биз Конституциялык укугубуздан пайдаланып, онлайн сотко катышуудан баш тартабыз»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 102