• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бекназаров, Молдокматов, Жээнбеков, Кадыровдор жаткан камеранын сүрөтү жарыяланды

7 Аяк оона 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовор жаткан тергөө абагындагы камеранын сүрөтү Молдокматовдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Анда алар абактын жер төлөсүндөгү караңгы, сыз камераларга которулушканы жазылган.

«Мына ушундай шартта СИЗО-1дин жер төлөсүндө Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Молдокматов, Кадыров, Жеенбеков, Бекназаровдор камакта. Атайын ден-соолугунан ажыратуу учун нымдуу, сыз, кок баскан, муздак жер толоодо кармап жатышат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча камераларда нымдуулук жогору, нымдуулуктан улам дубал менен шыптан текстура жоголуп, полдо жаракалар пайда болот»,-деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты саясатчы абакта басым болуп жатышканын айтып чыгышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы, активисттердин «сыз жерде кармап жатышат» деген билдирүүсү боюнча Govori.TVга комментарий берип, абактарда кыйноого жол берилбей турганын айткан.

Количество просмотров: 4426