20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо жана Евробиримдикке кошулуу боюнча референдум болуп өттү.
Ушу тапта добуштардын 35 пайызы саналды. Анын жыйынтыгы боюнча азыркы өлкө башчысы Майя Санду алдыда, ага элдин 35 пайыздайы добуш берген. Ал эми мурда баш прокурор болуп иштеген Александр Стояногло үчүн элдин 30 пайызга жакыны добуш берген. Ал азыр экинчи орунда.
Ошентип Молдовадагы шайлоонун экинчи туру өтүп, ага азыркы президент Майя Санду менен Александр Стояногло ат салыша турганы белгилүү болуп калды.
Ал эми Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумда берилген добуштардын да 35 пайызы эсептелген. Мында элдин 43 пайызы Евробиримдикке кошулууну колдосо, 56 пайызы каршы добуш беришкенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок бул көрсөткүчтөр акыркы жыйынтык эмес экени, алар өзгөрүшү мүмкүндүгү айтылып жатат.