• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Молдовановкадагы түрмөдөн качкандардын бири өлтүрүлдү

26 Бугу 202110:24 Бишкек Govori.TV

Абактагы адамдар №27 түзөтүү абагынын негизги тосмосунан качып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматкаылайык, окуя 26-майга караган түнү саат 02:40 чамасында Чүйдөгү Молдовановка айылында болгон.

«Түзөтүү абактарын күзөтүү боюнча департаменттин аскер кызматкери камактагы жарандар — 1963-жылы төрөлгөн Т.Т. менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, алгач эскертүү кылган. Андан кийин ок чыгарган. Камактагы жарандын бири кармалып, бири көз жумду», — деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экөө оор кылмышка — адам өлтүрүү жана өспүрүмдү зордуктоого айыпталган. Бири 10 жылга, бири 21 жылга эркиндигинен ажыратылган болчу.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 178