• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Молдовановкадагы №27 абакта жоокер каза болду

29 Теке 2022 14:56 Бишкек Govori.TV

№27 түзөтүү колониясында кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАМК) кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 29-июль күнү эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүнө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Түзөтүү мекемеси Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан.

Количество просмотров: 794