• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Молдовановкада колонияга баңгизатын киргизүүгө шектүүлөр кармалды

10 Тогуздун айы 202216:18 Бишкек Govori.TV

Молдовановкада колонияга баңгизатын киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-октябрда саат 17:00 чамасында Жаза аткаруу кызматынын Молдовановка айылында жайгашкан №1 мекемесине 1992-жылы туулган А.У.А. жана 1990-жылы туулган А.Д.К. аттуу кыргыз жарандары жалпы салмагы 76 граммды түзгөн, гашишке окшош кара куурай жыты бар кочкул жашыл затты скотч менен ороп, таңгактарды киргизүүнү көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүүлөр кармалды.

Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 177