Момбеков: Мамлекетке Мамытов керекпи же Акыйкатчы керекпи…
Момбеков: Мамлекетке Мамытов керекпи же Акыйкатчы керекпи…
26 Аяк оона 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Токон Мамытовду Акыйкатчы кылып шайлабаш керек деген оюн айтты. Бул пикирди эл өкүлү Парламенттин жыйынында Акыйкатчыны тандоо учурунда сунуш катары билдирди.
“Эгер мамлекетке Мамытов керек болсо, баарыбыз шайлашыбыз керек. Ал эми Акыйкатчы институту керек болсо анда Рита Карасартованы тандашыбыз керек болот. Карап көргүлө Акыйкатчы өзүнүн укугун коргобосо башка адамдардын укугун кантип коргойт, айткылачы. Мен ойлойм татыктуу укук коргоочуну тандашыбыз керек”,-деди Момбеков.
Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. …
КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту. Акыйкатчылыктан …