• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачылат

24 Чын куран 20249:01 Бишкек Govori.TV

 Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин ачылышы кутүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан менен Монголиянын парламенттеринин төрагаларынын Улан-Батордогу жолугушуусунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгарууну жана кыргыз эпосунун баатырынын эстелигин орнотууну сунуштады.

Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилге карала турганын белгиледи. Ошону менен бирге ал бүгүнкү күндө Монголиянын баш калаасынын көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканын баса белгиледи.

Количество просмотров: 77