Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 22-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына келишти. Бул тууралуу президенттин пресс катчысы Аскат Алакөзөв билдирди.

Эскерте кетсек, 20-июлдан бери Чолпон-Ата ат майданында «Мейкин Азия» эстрадалык музыкасынын төртүнчү эл аралык фестивалынын жабылышы өтүп жатат. Финалга казакстандык ырчы, дүйнөлүк мега жылдыз Димаш Кудайберген келди. Учурда конкурсанттарга сыйлыктар тапшырылууда.