• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Монголияда нааразычылык акцияларынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланат

5 Бештин айы 202222:04 Бишкек Govori.TV

Монголияда массалык нааразычылык акцияларына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер 12 миллиард долларлык көмүрдү уурдаган коррупционерлерди жазалоону талап кылышкан.

Тарап жаткан видеодон чогулгандардын Улан-Батордун борборундагы Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

Аталган өлкөдө социалдык тармактарга убактылуу бөгөт коюлганы кабарланды.

Теги:
Количество просмотров: 296