• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Монополияны жөнгө салуу кызматы Балыкчыдагы эттин баасын көзөмөлгө алды

24 Аяк оона 202413:12 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында эттин баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү атайын текшерүү иштерин баштады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө этке болгон баалардын кескин көтөрүлүшүнүн себептери жана монополиялык аракеттердин болушу мүмкүн экендиги аныкталмакчы.

Текшерүү учурунда эт өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын баа саясаты, башкача айтканда эң арзан жана эң кымбат баалар салыштырылат. Эт рыногундагы атаандаштык деңгээли бааланат, монополиялык аракеттердин белгилери изделет.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Каракол шаарына салыштырмалуу Балыкчыда эттин баасы кымбат экени аныкталып, эт сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда Балыкчыда эттин баасы 620 сом болсо, Караколдо 530 сом экени айтылды.

Количество просмотров: 213