Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ош базарында эттин баасына мониторинг жүргүздү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын жүрүшүндө жетекчилер базардагы эттин сапаты, коопсуздугу жана баанын кармалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жеринде сатуучулар жана жарандар менен баарлашты.