Учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде катуу жаандан кийин чоң көлчүктөр пайда болду.
Борбор калаада 31-декабрь күнү кечинде катуу жаан жаап, жаан-чачын жылдын ушул мезгилиндеги климаттык нормадан ашып кеткени кабарланган. Күбөлөрдүн айтымында, оңдоо иштеринен улам арыктар же башка дренаждык системалар жок болгондуктан, кесилиште суу топтолуп калган.