12-сентябрдан тарта өлкө боюнча мопед, скутерлердин айдоочуларына карата рейд өткөрүлөт. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чара өлкөдө скутер жана мопеддердин катышуусундагы кырсыктар көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.
Белгилей кетсек, тиешелүү документтери жана каскалары жок скутер жана мопед айдагандарга айып пул салынып, транспорттору айып пул төлөөчү жайга токтотулат.