• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө скутер айдаган киши 7 жаштагы баланы сүзүп кетти

15 Теке 202513:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө скутер айдаган киши 7 жаштагы баланы сүзүп кетти.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунун Комсомол айылындагы эс алуучу жайда скутер 7 жаштагы баланы сүзүп кеткени тууралуу маалымат 14-июлда келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Скутердин айдоочусу Комсомол айылынын 1978-жылы туулган тургуну Д.А. Ал Бостери РИИБине жеткирилген.

Бала райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, экспертизадар дайындалды.

Количество просмотров: 186