• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москва Киевди жапырт дрон чабуулу үчүн айыптоодо

2 Аяк оона 20249:07 Бишкек Govori.TV

Орусиянын бийлиги Украина 1-сентябрда таң эрте өлкөнүн бир нече аймагына дрон менен чабуул койгонун билдирди. Москва жана Тверде электр станциялары менен мунай иштетүүчү заводду өрт чалды.

ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип кабарлагандай, 158 дрон атып түшүрүлдү. Министрлик Украина менен чектешкен Курск, Брянск, Воронеж жана Белгородго рекорддук 122 дрон учурулганын Телеграмдагы постунда маалымдады.

Согуш маалында бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

ТАСС ошондой эле Москва облусунда пилотсуз учактар Кашир райондук электрстанциясына чабуул коюуга аракет кылганын жазды. Москва шаарында дрондордун бири Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго тийгенде өрт чыкты. Калаанын мэри Сергей Собянин өрт өчүрүлгөнүн, заводдун ишине коркунуч жаралбаганын билдирди.

Москванын түндүгүндөгү Тверь облусундагы Конаков райондук электрстанциясында өрт чыкканы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.

Чабуулдардан улам орус башкалаасындагы Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропорттору ишин убактылуу токтотушкан. 43 учак башка аэропортторго конууга аргасыз болду.

Маалыматтарга караганда, бул Москвага коюлган эң массалык чабуулдардын бири болуп калды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 180