Киев менен Москва «175-175» формуласы боюнча туткундарды айырбаштады. Бул тууралуу маалымат каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигине таянып жазышты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, бул туткун алмашуу боюнча эң ири жараяндардын бири болду.
Кошумчалангандай, Россия Украинага 175 туткундан тышкары, медициналык жардамга муктаж болгон оор жаракат алган 22 украиналык аскер кызматкерин өткөрүп берди.
Туткундарды алмашуу иштеринин жүргүзүлөрү Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылган.