• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Москвада өлтүрүлгөн кыргыз кыздын ишин элчилик көзөмөлүнө алды

19 Баш оона 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Москвада өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын ишин Орусиядагы элчилик көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, элчилик кызды өлтүргөн адамдын жоопкерчиликке тартылышына көз салат жана кыздын апасына укуктук жардам берет.

6-августта Москва облусунун Мытищи шаарында белгисиз киши 19 жаштагы кыргызстандык кыздын сумкасын алып качууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөн учурда далысына тогуз жолу бычак сайып качып кеткен. Кыз ошол жерден жан берген.

Бул окуяга шек саналып, 46 жаштагы адам кармалганын, ал тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алганын, учурда тергөө абагында камалып турганын Москванын Тергөө комитети кабарлаган.

Количество просмотров: 657