• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Москвада Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды

29 Жетинин айы 202417:29 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды.

Маалымдалгандай, Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө жайгашкан Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү Москвадагы мекендештерге кеп-кеңеш берип, иштеп баштады. Жарандар иш күндөрү саат 11:00дөн 18:00 чейин кабыл алынат.

МИК президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык ушул жылдын 15-апрелинде “Үлүштүк курулуш” механизми иштеп баштаганын белгиледи. Бул механизм чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алууга мүмкүнчүлүк берет.

Количество просмотров: 185