• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жапаров Караколдогу МИК салган үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий берди

8 Кулжа 202612:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Караколдо МИК курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий берди.

Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы МИК курган батирлерди тапшыруу учурунда сөз сүйлөгөн президент курулуш иштерине көзөмөл күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганын кошумчалады. Жапаров көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да. Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, — деди ал.

Количество просмотров: 72