Ички иштер министрлиги Орусиянын Москва шаарында мекендештерин коркутуп, опузалап акча талап кылып жүргөн кыргыз жарандары — уюшкан кылмыш тобунун эки мүчөсү кармалганын кабарлады.
«Алар Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык ишкерлерди коркутуп, акча талап кылуу менен алектенген. Кылмыш чөйрөсүндө «Мырза» деген каймана ат менен таанымал, 36 жаштагы М. уулу Т менен «Роха» деген каймана ысымдуу Х.Р уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин оперативдүү каттоосунда турган. Х.Р аттуу жаранга буга кылмыш иши козголгон. Учурда алардын башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып, калган шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат «,-деп айтылат маалыматта.