Москванын Лефортово райондук соту «Тыңчылык» беренеси боюнча айыпталган Тажикстандын жаранын эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Москва сотторунун жалпы юрисдикциясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө камакка алынган адамдын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн эмес, болгону Ш.Тиллозода деп жазылган.
Тажик жаранын камакка алуу өтүнүчү менен сотко Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кайрылып, ал боюнча отурум жабык өттү.
Азырынча Тиллозодага тагылган айып боюнча кеңири маалымат жок.
«Холод» басылмасынын эсебине ылайык, Орусияда 2023-жылдын январынан июль айына чейин «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «Тыңчылык» беренелери боюнча бери дегенде эле 82 кылмыш иши козголгон. Адвокат Евгений Смирновдун айтымында, чынында мамлекетке чыккынчылык кылуу иштери мындан кыйла көп болушу мүмкүн. «Биз мониторинг кылып жаткан иштердин көбү тууралуу соттордун сайттарында маалыматтар жок. Жарандын кармалганы тууралуу 2-3 айдан кийин гана ачык маалымат берилген учурлар бар. Чынында мындай иштер бир жарым, эки эсеге көп деп ойлойм», – деди ал.
Смирнов Орусияда орточо эсеп менен «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «Тыңчылык» беренелери боюнча айына 20дан кылмыш иши козголот. «Бул ар бир иш күнү бирден кылмыш иши козголот дегенди билдирет. Мындай кете берсе декабрдын соңуна чейин алардын саны 250гө жетет», – деп кошумчалады адвокат.