Москванын түндүк райондорунун биринде Toyota Land Cruiser автомашинасына жардыргыч зат коюлган. Жарылуу Toyota Land Cruiser автомашинасына отуруп жаткан учурда болуп, эркек киши бутунан жабыркаганы, ал эми аял сыныктан жараат алганы кабарланды.
Орусиянын ИИМдин басма сөз катчысы Ирина Волктун айтымында, жабыркагандар ооруканага жеткирилди, «өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын маалымдады.
Орусиянын атайын кызматы менен байланышта экени айтылып жүргөн BAZA телеграм каналы жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жабыркаган киши Коргоо министрлигинин 50 жаштагы офицери экенин, ал жашыруун бөлүктөрдүн биринде байланыш каражаттары үчүн жооптуу кызматкер экенин жазып жатышат.
Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы башка машиналар да талкаланганы тууралуу айтылууда.