• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Москвада жергиликтүү тургун Кыргызстандын жаранын сабап салган

20 Теке 202116:01 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында 45 жаштагы жергиликтүү тургун Кыргызстандын 32 жаштагы жаранын сабап салган. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Окуя 21-июнга караган түнү саат 05:00дө бизнес-борбордун алдында болгон. Кыргызстандын жараны менен Россиянын жараны уруша кетип, россиялык кыргызстандыкты башына тепкен. Анын кесепетинен кыргызстандыктын жаагы сынган жана ал полицияга кайрылган.

Шектүү кечээ, 19-июлда кармалып, кылмыш иши козголду. Шектүү эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду.

Количество просмотров: 415