• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Москвадагы, Подмосковьедеги жана Воронеж облусундагы антитеррордук режим токтотулду

26 Кулжа 2023 15:14 Бишкек Govori.TV

Москва шаары менен Москва облусунда Евгений Пригожин жетектеген «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын козголоңуна байланыштуу ишемби күнү жарыяланган антитеррордук режим токтотулду. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук антитеррористтик комитети кабарлады.

Москванын мэри Сергей Собянин антитеррордук режим токтотулганын ырастап, шаардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси 1-июлда өтөрүн билдирди.

Москвада антитеррордук операция режими киргизилгенден кийин көчөлөр, коомдук жайлар тосмолонуп, автоунаалар текшериле баштаган. Подмосковьеде Ока дарыясындагы үч көпүрө тосулуп, Москванын кире бериши бекемделип, бронетранспортерлор коюлган.

«Козголоңго» байланыштуу Воронеж облусуна киргизилген антитеррордук режим да токтотулганы кабарланды.

Орусияда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин «куралдуу козголоңу» эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Количество просмотров: 104