• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Москвадан Оренбургка үндөп чыккан лидерлер мекендештерди талаада калтырышты

10 Бугу 2020 11:53 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районундагы трассада 70 жарандын КРнын бийлиги тарабынан каралбай жаткандыгы тууралуу объективдүү эмес маалымат таркатылып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирүү жасады.

Маалыматка караганда, кыргыз жарандар “Шереметьево” аэропортунда Россия тарабынан авиакаттамдардын жүрбөй калышынан улам уча албай аэропортто калган КРнын жарандары экенин маалымдайбыз. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы иш алып баруу боюнча Элчиликтин алдындагы Штабдын Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы биргеликте аталган жарандарды “Купавна” хостелине  жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Бул жер жарандарга бекер жатакана катары сунушталган. Ошондой эле ал жерде КРнын жарандары тамак-аш менен жана медициналык  кызматтар менен камсыз болуп турушкан.

Штабдын жана кыргыз диаспорасынын каражаты менен жарандар бир айдан ашуун мезгилден бери жашап келишкен. Ошондой эле азыркы кырдаалга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин жашаган жери үчүн акы толугу менен төлөнгөн.

Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Россия-Казакстан мамлекеттик  чек арасы коронавирус илдетине байланыштуу жабык экендиги тууралуу  Штабдын расмий маалыматына, бир нече жолу эскертүүсүнө карабастан, Россия-Казакстан чек арасы аркылуу алып өтүүнү убада кылышкан айрым саясатчы жана  укук коргоочу сыяктуулардын  чындыкка дал келбеген айткандарына ишенип алган жарандар жолго чыгып алышкан. 

Көптөгөн эскертүүлөргө карабастан, жарандар өз алдынча автобус жалдап алышып, Москвадан Россия-Казакстан мамлекеттик  чек арасына чыгып кетишкен. Бирок аларды алып барган автобус жана такси айдоочулар Бузулук районуна таштап келе беришкен жана жарандар кең трассада жөө-жалаң калышкан. Жыйынтыгында жарандарды Москвадан үндөп чыккан лидерлер социалдык тармактарда фактыларды бурмалаган, Кыргызстандын Өкмөтүн күнөөлөгөн видеолорду таратып башташкан. Бул жерде биздин мекендештер өздөрүн ушундай кырдаалга алып келгени аз келгенсип, жалпы кыргыз элинин абройуна шек келтирүүчү кадамдарга барып жатышканын эске алышкан жок.

элчилик

Элчиликтин алдындагы Штабтын айтымында, ошол жердеги кош койлуу аялдар жана оорукчан жарандардын ден соолугу боюнча жоопкерчилик ошол топтун лидерлеринде экендигин белгилей кетет. 

Ошону менен бирге Элчилик мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабастан, үстүбүздөгү жылдын 7-майында Оренбург облусунун Өкмөтүнө биздин жарандарга убактылуу жашоочу жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Өз кезегинде Оренбург облусунун Өкмөтү дароо жооп берип, Оренбург облусундагы бардык биздин жарандарды Казакстан Республикасынын чек арасы ачылганга чейин  Бузулук районундагы балдар лагерине жайгаштырууну сунуштаган.

элчилик

Бирок кең талаада жактан жарандардын айрымдары сунушталган жерге баруудан баш тартышкан жана ошол жерде жатакана уюштурууну талап кылышкан,  Оренбург облусунун бийлиги 240 орундук 8 чатыр тигип, биоажатканаларды орнотуп, талаптарын орундатышты. Мунун баары жергилктүү бийлик тарабынан акысыз уюштурулду жана тамак-аш менен камсыз кылуу маселеси да чечилүүдө.

Тилекке каршы, Соль-Илецктен Бузулуктагы балдар лагерине жайгашалы деп келген КРнын жарандары дагы Москвадан барган 70 жарандан турган топтун баш тартуусунан улам чатырларда калууга мажбур болушкан. 

Жыйынтыгында бүгүнкү күнү чатырларда КРнын 170 жараны жайгаштырылган.

Элчилик Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте  бүгүнкү кырдаалга байланыштуу адамдардын, финансылык жана материалдык жетишсиздикке карабастан күнү-түнү иштеп мекендештердин маселелерин чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын Штаб белгилеп кетет.  

Россияда жашап  жаткан КРнын жарандарынын арасында, тилекке каршы, коронавирус илдетин жуктуруп алып, ооруп жаткандар көбөйүп жаткандыгына, дары-дармектер, медициналык тейлөө кызматтары жетишсиз болуп жаткандыгына өзгөчө көңүл бурабыз. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Роспотребнадзор биздин жарандарга жардам берүү боюнча бардык чараларды көрүүдө. Бирок, тилекке каршы, жалпысынан Россияда коронавирус илдетине кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Ошондуктан биздин жарандар бардык эле россиялыктар катары өтө оор абалда калууда. Ушуга байланыштуу, КРнын жарандарын сабырдуулукка үндөө менен росси-казакстан чек арасына карай жолго чыкпоого чакырабыз. Казакстан Өкмөтүнүн чечими менен чек ара жабык. Жашаган жерибизде калып, пандемияга байланыштуу Россияда бекитилген санитардык-медициналык эреже, тартиптерди сактап, ден соолукту сактоону өзгөчө  өтүнөбүз.

элчилик
Количество просмотров: 232