• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муфтий облус казыларынан отчет алды

18 Баш оона 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Замир кары Ракиев облус казыларын кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү боюнча отчетторун укту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус казылары 6 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча маалымат беришти. Жыйында Азирети Муфтий муфтият тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы, мечиттердин саны жана каттоосу, садака-фитрдин таратылышы, аялдардын окуу борборлорунун ишмердүүлүгү, нике каттоо журналы жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча ар бир казынын маалыматын укту.

«Казыяттардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана санариптештирүү боюнча иш алып барууну баштап жатабыз. Эми ишибиздин алдыга жылып, документ иштерин ирээтке келтирүүдө бардыгы электрондук түргө өткөрүлөт. Ар бир казыят санариптешет. Муну менен катар мечиттердин каттоосун тездетилип, бир ай мөөнөт берилет. Өлкө башчыбыз ысырапкорчулуктун алдын алууда жарлык чыгарды. Бул жааттагы ишибиз дагы солгундаптыр. Мындан ары ар бир казынын жана казыяттын ишмердүүлүгү муфтият тарабынан дыкат көзөмөлгө алынат» ,- деди муфтий.

Отчеттук жыйындын соңунда муфтий облус казыларына казыяттардагы кадр маселелерин кароо, мечиттердин каттоосун тездетүү, ысырапкорчулуктун алдын алууда аймактагы имамдарга көмөк көрсөтүү, калк арасында терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин күчөтүү, аялдардын окуу борборлорундагы окуу программасына көңүл буруу, мечиттердин тазалыгын кароо жана шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 95