• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемчиликтер жоюлду. Президенттен сөгүш алган министр отчет берди

12 Бугу 202516:07 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 8-майында Президент Садыр Жапаров Убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барып, “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, КММАнын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, ЖХжОТИИ жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлду. Бул тууралуу мекеменин басма-cөз кызматы билдирет.

Атап айтканда:

• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.

• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.

• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.

• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.

• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

ЖХжОТИИ имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн. Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бул тармакты чыңдоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган медициналык мекемеге болгон акыркы сапарында берилген тапшырмаларынын алкагында улантылат. Мамлекет башчысы балдардын өмүрү менен саламаттыгын мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы катары так белгиледи», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 8-майда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекемеге күтүүсүз барган.

Анда жүрөк оорусунан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы айтылды. Операция башталгандан бери балдар өлүмүнүн үч учуру катталган.

Чакырылган адистер борбордо сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришкен.

Ал чет элдик дарыгерлер менен сүйлөшкөндөн кийин министрдин ишин катуу сындаган:

«Сен канча жолу келдиң ушул жерге? Биринчи жолу келип атасыңбы бүгүн? Эмнеге биринчи жолу келесиң сен? Эмнеге мындай көйгөй болуп атса биринчи жолу келесиң биякка? Мен сени кабинетте отурба, кыдырып иште дебедим беле?! Канча болуп калды иштегениңе, эки ай болуп калдыбы? Кирип эле кабинетиңе жабышып калдыңбы. Чечпейсиңби булардын өтүнүчүн, көйгөй болуп аткандан кийин. Кичинекей балдар өлүп атса, кабинетиңде отурасың. Мындан артык эмне жумушуң бар сенин?» — деген президентке Чечейбаев «мурда борборго келип кеткем» деп жооп берди.

Жапаров ага эки күн ичинде керек нерселердин баарын таап берүүнү тапшырып, сөгүш жарыялаганын айтты.

Количество просмотров: 316