• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Муфтий Садыбакас Дооловдун айткандары боюнча комментарий берди

9 Теке 2022 9:55 Бишкек Govori.TV

Муфтий Замир кары Ракиев Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу пикирин билдирди.

«Комиссия Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын аброюна, кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады. Болбогон сөздү резонанс жаратып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбасак. Ушундай нерселерди таштап, жакшы нерселерди сүйлөшүүгө баарыңыздарды чакырам»,-дейт Ракиев.

Эске салсак, 6-июлда социалдык түйүндөрдө Садыбакас Дооловдун тоюттун кымбатташынан тышкары эттин баасынын өсүшүнө аялдардын кийген кийими да себеп болуп жатканын айткан видеосу тараган. Дооловдун айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жаратып, кийин Муфтият бул боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын билдирген.

Количество просмотров: 2990