Бүгүн, 16-апрелде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев орун басары Максат Сазыкуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, Сазыкулов аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча шектелип жатат.
“Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалаган адам ар кандай чечимдерге даяр болушу керек. Сазыкуловго атайы органдардын суроолору ал аким болуп турган мезгилге туш келип жатат. Алар баарын аныктап, карап, туура чечим чыгарат деп ишенип турабыз», — деди Жунушалиев.