• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Муфтий ажы башчыларын кабыл алды

22 Бугу 2018 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV

Кыргызстандын Муфтийи Максатбек Токтомушев Чүй, Ысыккөл, Нарын жана Талас облустарынан Мекке шаарына ажылыкка аттанып жаткан ажы башчыларды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Диний башкармалыгынан билдиришти.

Анда кабарлангандай, ар бир 50 адамдан турган ажылык сапарга аттануучулардын тобуна башчы болуп дайындалгандарга муфтий ак жол каалап, ажылык сапар тууралуу түшүндүрмө берген.

“Ар бир ажы башчы 49 адам үчүн жоопкер. Топторду башкаруу абдан жоопкерчиликтүү, түйшүктүү иш. Сиздер өз тобуңуздагы адамдар менен жакындан таанышып, сапардын жүрүшүндө алардын ар бирин камкордукка алышыңыздар керек. Алардын Меккеге барып, мусулманчылыктын бир парзын өтөп, кайра мекенге аман-эсен, эң башкысы сапардын эреже-шарттарын туура сактоо менен аткарып келишине сиздер жооптуу болосуздар”,-деген муфтий ажы башчыларга сертификаттарды тапшырган.

Эске сала кетсек, Мекке шаарына ажылык сапар ушул Орозо айында башталат.

 

 

Количество просмотров: 11