• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Муфтият: Ажылык сапарга барчуларды каттоо башталды

6 Бугу 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-майдан тартып ажылык сапарга барчуларды каттоо башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жолу мурда ажылыктын базасына кирбеген 65 жаштан төмөнкү жарандар каттала алат. Каттоо 11-майга чейин уланат.

«Жарандар алгач РСК банкына 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанциянын негизинде каттоого алынат. 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн ар бир талапкерлер, ажылык сапарына болгон төлөмүн 2022-жылдын 30-апрелине чейин ар кандай себептер менен төлөп жетише албай калгандарга төлөө мөөнөтү 11-майга чейин узартылды. Банкка ажылыктын төлөмүн төлөгөн талапкерлер бир күн ичинде документтерин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы операторлорго тапшырышы керек. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин, коронавируска каршы эмделген болуусу зарыл. COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын ырастаган күбөлүк талап кылынат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 138