• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Муфтият: Ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

19 Кулжа 202412:49 Бишкек Govori.TV

Ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Кабар” жазды.

Маалыматка караганда, 6 миңден ашык кыргызстандык зыяратчы ажылык сапарда жүрөт.

«Ажылыкка кеткен кыргызстандык зыяратчылар 22-июндан тарта мекенибизге кайта башташат. Алардын алгачкы тобу Оштогу аэропортко келет. Быйылкы жылы 6060 жараныбыз Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болгондугун AFP маалымат агенттиги дипломатиялык чөйрөлөрдөгү өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Меккедеги абанын температурасы ажылык сапардын маалында дээрлик 50 градус Цельсияга жетет. Өлүм көбүнчө ысыктан же элдин көптүгүнөн болору айтылууда. Меккеде ушу тапта 1,8 млндон ашык зыяратчы жүрөт.

Количество просмотров: 435