• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев баарын урушту. Кемпир-Абадчылар камакта калды

20 Теке 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ КИЧИ АЖЫЛЫККА БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында кичи ажылыкка барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

«Умра учурунда Садыр Жапаров Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи» , — деди ал.

Мамлекет башчы 18-июлда Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Аны Жидданын эл аралык аэропортунан Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапар алкагында Садыр Жапаров “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи cаммитине катышты жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

ӨКМӨТ МИНИСТРЛИКТЕРГЕ БАА БЕРДИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдарды тизмектеди.

 «Ушул 92 иш-чаранын ичинен 71и аткарылды, же 77 %ды түздү. Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алган баалары атайын иштелип чыккан Баалоо методикасы боюнча аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча “эң жакшы” деген баа менен –11 мамлекеттик орган, “жакшы” деген баа менен – 8 маморган, “канааттандырарлык” деген баа менен – 4 маморган жана “канааттандыраарлык эмес” деген баа менен 2өө», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында мамклекттик органдардын башчылар аткарылган жана пландары тууралуу отчет беришти. Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, мындай чара көрүлбөсө энергетика тармагындагы дефицит көбөйөт.

ТАШИЕВДИН ЭСКЕРТҮҮСҮ

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында министрлер эс албай иштеши керектигин айтып, буларга токтолду.

Мындан тышкары, Ташиев «коррупцияга» аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбасын эскертти. Буга байланыштуу мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мисал кылды жана аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптады.

Ошондой эле атайы кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ болбой турганын айтып, кримтөбөлдөргө кайрылды. Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш дагы күчөтүлөт.

УКМК АКШ САНКЦИЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ ҮН КАТТЫ

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга карата «Орусияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн» экономикалык чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматына байланыштуу УКМК  маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, АКШ жана батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга Кыргызстан өзү да, мамлекеттик түзүмдөрү менен компаниялардын тиешеси жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерлер менен жеке компаниялардын ишмердигинин алкагында, санкциялык чектөөлөрдү бузууга, балким, акыркы керектөөчү ким экенин билбестен, жеке компаниялардын катышуусу мүмкүн экендигин моюнга алат.

УКМК жеке компаниялар менен фирмалардын мындай аракеттерин аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө иштерин баштаганын белгилейт.

Кыргызстан жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактайт.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазган. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: КАРМАЛГАНДАР АБАКТА КАЛДЫ

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кармалган бир нече адамдын бөгөт чарасын карап, барын камакта калдырды. Сотко тергөө абагында жаткан активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Темир Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов жеткирилген.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги кафелердин биринде болгон жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыгарылган эле. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция аларга бийликти басып алууга аракет кылган деген айыпты коюп келет. Иш Жазык кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Количество просмотров: 195