• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Муфтият: Быйыл 54 млн сом битир-садака чогулду

2 Бугу 2023 17:38 Бишкек Govori.TV

Быйыл өлкө боюнча 53 млн 824 миң 441 сом өлчөмүндө битир-садака топтолду. Анын 657 миң 881 сому «РСК Банк», 900 миң 557 сому «Мбанк» аркылуу жыйналды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

БТК төрагасы Бакыт Нурдинов билдиргендей, топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге ( 30 млн 681 миң 82 сом), 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү.

Битир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.

Количество просмотров: 66