• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орозодо чогулган битир-садака муктаждарга таратылууда

25 Чын куран 202415:52 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда Орозо айында республика боюнча 57 млн 467 миң 895 сом битир-садака чогулду. Учурда каражаттар муктаждарга таратылууда.

Муфтияттын маалыматы боюнча, битир-садакалар боюнча отчёттук жыйын өткөрүлгөн.

Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жуманов маалымдагандай, 2024-жылы жалпы республика боюнча топтолгон битир-садака 57 млн 467 миң сомду түздү.

Анын 60%ы жергиликтүү мечиттерден, 30%ы райондук хатибияттар жана аймактык казыяттардан муктаждарга таратылып жатат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине 10 пайызы келип түштү.

Бул сумма атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаж жарандарга жана жетим-жесирлерге берилет.

Количество просмотров: 162