• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Муфтият: Быйылкы жылы ажылыктын наркы жогорулады

25 Бирдин айы 2020 20:34 Бишкек Govori.TV

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3350 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 26-февралдан тарта кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы – муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.

Сауд Араб Падышачылыгы виза, медициналык камсызданырууну акы төлөй турган кылып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн.
2019-2020-жылдары ажылык серверге катталып, 500$ АКШ долларын төлөп, кезек күтүп, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькуляцияда көрсөтүлгөн баадан калган 2850 АКШ долларын 2020-жылдын 26-февралынан 17-мартка чейин (17-март кошо эсептелгенде) РСК Банктын иштөө убактысына ылайык төлөөлөрү зарыл.

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Баткен райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийген же квота тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар.

Количество просмотров: 85