• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Муфтият Сагынбаеванын айткан пикири боюнча билдирүү таратты

6 Бугу 2024 16:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери боюнча билдирүү таратты.

«Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат. Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз», — деп жазылат билдирдүүдө.

Эске салсак, Сагынбаева буга чейин социалдык тармактар арыклуу сексуалдык жашоону жаңы баштап жаткан улан-кыздарга багытталган атайын окутуусун жарнамалаган. Жарнамалоо учурунда Исламда тыюу салынган никесиз жыныстык катнашка баруу темасында кеп салып, анын билдирүүсү талкууга жем болгон.

Теги:
Количество просмотров: 502