27-августта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борбордун ачылышы болуп өттү.
«Азыр маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо турабыз. Жарандар үйүндө туруп алып, өздөрү каалаган диний суроолоруна жооп ала турган колл-центр керек эле. Алла Таала мүмкүнчүлүк берип, ушул демилгени ишке ашырып алдык. Борбор акжолтой болуп, элибизге диний жактан жакшы кызмат кылат деп ишенебиз», – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.
Ал эми КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев фатва маселелеринде мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын диний, шарияттык суроолоруна жооп беришерин билдирди.
Call-борборунун иш убактысы дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин, саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин болмокчу. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996 550 557 775 номурун териңиз!